Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

АКШнын мамлекеттик департаменти “Хезболлага” кайрылды


АКШ мамдепартаментинин өкүлү Жен Псаки "Хезболланын" аскерлери Сирияда согушуп жатышы “жол берилбес” жана “коркунучтуу” деп айтып, уюмдан согушкерлерин Сириядан чыгарып кетүүнү талап кылды:

- Биз "Хезболла" өз согушкерлерин тез арада Сириядан чыгарып кетүүсүн талап кылабыз. Биз акыркы күндөрү Сирия-Ливан чек арасындагы кырдаалга жана кечээки Ливандын Арсал чек ара бекетине болгон кол салууга, анда ливандык үч чек арачынын өлтүрүлүүсүнө терең тынчсызданып жатабыз-деди АКШ мамдепартаментинин өкүлү.

Бул аралыкта Сириянын Тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем Башар Асад 2014-жылы болуучу президенттик шайлоого чейин бийликте кала берерин жарыялады. Ал муну Сириянын оппозициясы "БУУ тарабынан уюштурулуп жаткан жыйындарга Асад бийликтен кетсе гана катышабыз" деп Ливан телеканалы аркылуу билдиргенден кийин айтты.

XS
SM
MD
LG