“1-июнь: майрам эмес, балдарды коргоо күнү” деген аталыштагы иш-чара Жогорку Кеңештин алдында уюштурулмакчы. Ага мамлекеттик кызматтардан, жарандык коомдон өкүлдөр, “Аялдар менен кыздарга зомбулукту чогуу токтотобуз” кыймылынын мүчөлөрү катышмакчы.
Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча иш-чаранын алдында маалымат жыйыны болот, анда акыркы убактарда коомчулукта балдарды кордоо фактылары көп катталып жатканы тууралуу маалымат берилет. Иш-чаранын аягында депутаттарга “Балдарга жана аялдарга сексуалдык зомбулукту токтотобуз” деген петиция берилет.
Балдар укугун коргоочу уюмдардын маалыматы боюнча 2013-жылдын алгачкы кварталында эле 14 бала сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болгон.(ZKo)