Мэр Майкл Блумбергге даректелген каттарды жазган киши көрсөтүлгөн эмес. Полициянын маалыматы боюнча эки кат тең Блумбергди коркутуп-үркүтүү мазмунунда болгон жана анда рицин уусу бар болуп чыкты. Рицин уусу адамдын организмине кирсе, өлүмгө алып барат.
Кат Майкл Блумбергге курал жагдайындагы пикири үчүн жиберилген деп айтылууда. Нью-Йорктун мэри америкалык жарандарды эркин куралдандырууга каршы пикирин билдирип, бийликти курал мыйзамын катаалдантууга үндөп келет.(ZKo)