Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:43

Абактагы экс-министр Сабировдун тарапкерлери Ак үй алдына чыкты

Абактагы экс-министр Равшан Сабировдун тарапкерлери ушу тапта Ак үй алдында нааразылык акциясында турат. Кабарчыбыздын айтымында, алардын арасында Сабировдун уулдары, бир туугандары да бар. Алар экс-министрдин бошотулушун талап кылууда.

Жогорку Сот Сабировду кыргызстандык балдарды чет элдик жарандар тарабынан асыроо системасындагы коррупцияга аралашкан деп айыптап 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечимди күчүндө калтырган.

27-майда №47 колонияда камалып жаткан Сабиров соттук чечимге каршылыгын билдирип кургак ачкачылык жарыялаган болчу. Кечээ анын ден соолугу начарлап, мурдунан кан агып жатканын туугандары "Азаттыкка" кабарлаган. (ZB/RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG