Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Барскоон - Кумтөр жолу буулган жерге каттаган унааны милиция текшерет


Көлдүн Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында Кумтөр кенине кетчү жолдун буулган жерине каттаган машиналарды милиция текшере баштады. Мындай чара нааразылык акциясы өтүп жаткан жерде коопсуздукту камсыз кылуу, курал-жаракты өткөрбөө максатында кабыл алынганын "Азаттыкка" облустук милициядан кабарлашты.

Жети-Өгүздүн Саруу айылынын тургундары бир нече күндөн бери Кумтөрдүн жолун бууп, унааларды өткөрбөй жатат. Алар аталган ишкана оорукана, бекер дарыкана ачып берүүнү талап кылууда. Кабарчыбыздын айтымында, акция өтүп жаткан жерде учурда миңдей киши чогулуп турат, беш боз үй тигилген. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG