Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Улуттук университеттин 80 жылдыгы белгиленүүдө


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын бүгүн Улуттук филармонияда өтүүдө. Ага бийлик жана коомчулук өкүлдөрү, чет мамлекеттерден коноктор чакырылган. Өкмөттүн атынан салтанатка билим жана илим министри Канат Садыков, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев катышты. Мыкты окутуучуларга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.

КУУ 1932-жылы негизделген. Учурда анын курамына ондон ашуун институт, борбор кирет. Улуттук университеттин 80 жылдыгын белгилөө үчүн былтыр өкмөттүн токтому менен атайын уюштуруу комитети түзүлгөн. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG