Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Жалал-Абад: Миллион сомдун уурдалышына мектеп окуучулары шектелүүдө

Жалал-Абадда мектеп окуучулары ири суммада акча уурдады деп шектелүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жылдызбек Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, №21орто мектептин 7-классынын эки окуучусунан далил катары 602,3 миң сом жана уурдалган "Асус" ноутбугу алынды. Далил буюмдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

2-майда Жалал-Абаддын тургундарынын биринин үйүнөн бир миллион сом жана "Асус" ноутбугу менен кошо "Сони
плей стейшн" уурдалган. (YA/RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG