Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:23

ЮНИСЕФ: Майып балдар - дүйнөдө эң көңүл сыртында калган адамдар


Кыргызстандагы майып балдар үчүн "Ак-Суу" санаторийи, 26-август, 2012
Кыргызстандагы майып балдар үчүн "Ак-Суу" санаторийи, 26-август, 2012
Бул тыянакты Бириккен улуттар уюмунун Балдар кору (ЮНИСЕФ) “Дүйнөдөгү Балдардын абалы” жөнүндөгү жаңы баяндамасында жасаган. Ага ылайык, майып балдар, ден соолугу чың балдарга салыштырмалуу, сексуалдык жана башка зомбулукка үч-төрт эсе көп кабылат.

“Сексуалдык билимдин жана ВИЧ инфекциясы менен күрөшүү программасынан майып балдардын көбүнчө сыртта кабыл жатканы алардын жашоосун андан бетер татаалдантат” деп айтылат отчетто.

UNICEF өкмөттөрдү майыптыгы бар балдарды социалдык коргоого алууну күчөтүүгө, аларга карата мамилени өзгөртүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG