Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы Жалал-Абад шаарында таштанды көмүлчү жай курууга 7 миллион 100 миң евро бермей болду. Анын 3 миллион 200 миңи грант, калганы кредит түрүндө бөлүнөт. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, калдыктарды коопсуз жайга көмүүгө шаар бийлиги 11 гектар бөлгөн.
Адистердин билдиришинче, күн сайын шаар ичинен таштанды 30дай унаа менен чыгарылат. Анын баары шаар четиндеги ачык жерге ыргытылат. Жеке адамдардын айрымдары акыр-чикирин суу боюна таштап баса берет. (YA/RK)