Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:34

Казак полициясы "Арка сүйөө" бейөкмөт уюмунун имаратын тинтти


"Арка сүйөө" уюмундагы рейд, Алматы, 30-май, 2013
"Арка сүйөө" уюмундагы рейд, Алматы, 30-май, 2013
"Арка сүйөө" бейөкмөт уюму 31-майга белгиленген “Эркиндик” сыйлыгын тапшыруу аземине даярданып жаткан.

Финансылык полициянын өкүлдөрү Алматыда бүгүн аталган бейөкмөт уюмдун имаратындагы тинтүү учурунда анын активисти Мурат Туңгышевдин чөнтөк телефонун алып коюшкан.

Кечээ Алматы шаарынын прокуратурасы уюмдун төрагасы Михаил Сизовго кайрылып, эртеңкиге белгиленген “Эркиндик” сыйлыгын тапшыруу аземин өткөрүүгө уруксат жоктугун айткан болчу. Муну прокуратура сыйлыкты тапшыруу өлкөдө ишине тыюу салынган “Алга” партиясы жана бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов менен байланыштагы окуя экени менен түшүндүргөн.

Казакстандагы оппозициялык топтор түзгөн “Эркиндик” сыйлыгы 10 жылдан бери “өлкөдөгү демократияга кошкон салымы үчүн” журналисттерге, жазуучуларга жана активисттерге берилет.

XS
SM
MD
LG