Бул тууралуу "Азаттыкка" президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы билдирип, мамлекет башчы премьер-министр менен бул маселе боюнча тез-тез сүйлөшүп жатканын кошумчалады. Ушул тапта өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев болсо тиешелүү министрликтер жана башка органдардын жетекчилери менен чукул жыйналыш өткөрүп жатканы кабарланууда.
Кечке жуук Кумтөргө каршы чыккан митингчилер Тамга айылындагы подстанциядан ишкананы жабдуучу электр линиясын үзүштү. Алар Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча Канадалык ишкана менен түзүлгөн 2009-жылкы келишимди жокко чыгарууну, жергиликтүү элге социалдык жардамдар берилүүсүн, кен иштетүүдөн арткан калдыктарды тез арада тазалоону талап кылып, 27-майдан бери ишканага кетүүчү жолду бууп турушкан. Алар менен 30-майда Экономика министри Темир Сариев барып жолугушту, бирок министрдин берген жооптору канааттандырбаганын белгилеген митингчилер президент Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин келүүсүн талап кылып, 31-май, саат 16:00га чейин мөөнөт беришкен. Митингчилер эгер талаптары аткарылбаса, ишканага кирүү максатын билдиришүүдө.
Айрым адистердин айтуусунда, электр энергиясынын узак убакытка жок болушу Кумтөр ишканасына өтө чоң зыян келтирет.(ZKo)