Тамга айлындагы электр подстанциясынын жанында боз үйдө түнөп жаткан митингчилерди бүгүн таңга жуук милициянын атайын кызматы кармап кеткенин уюштуруучулардын бири “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Маалыматтарга караганда тоо таянып качып кутулгандары да бар.
Кечээ кечке жуук Кумтөргө каршы чыккан митингчилер Тамга айылындагы подстанциядан ишкананы жабдуучу электр линиясын үзүшкөн. Алар Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык ишкана менен түзүлгөн 2009-жылкы келишимди жокко чыгарууну, жергиликтүү элге социалдык жардамдар берилүүсүн, кен иштетүүдөн арткан калдыктарды тез арада тазалоону талап кылып, 27-майдан бери ишканага кетүүчү жолду бууп турушкан. Митингчилер президент Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин келүүсүн талап кылып, 31-май, саат 16:00га чейин мөөнөт беришкен эле.(MK/ZKo)