Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, бүгүн бул маселеге “Ар-намыс” фракциясы токтолмокчу. Башка фракциялар тууралуу азырынча маалымат жок.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиевдин айтуусунда, Транзиттик борбор тууралуу келишимди денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоору алгач фракциялардын кароосуна коюлат. Андан кийин профилдүү комитет – коргоо жана коопсуздук комитети карайт, соңунда Эл аралык мамилелер комитетине келип түшөт.
Транзиттик борбор боюнча келишимди бузуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун өкмөт парламентке 21-майда жөнөткөн. Аны Жогорку Кеңешке сунуштоо тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге тапшырылган. Мыйзам парламентте кабыл алынса, президент кол койгондон кийин АКШ өкмөтүнө келишимдин бузулганы боюнча расмий маалымат берилет.(ZKo)