Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Кумтөр: митингге чыккандар таң эрте жол буушту


Жети-Өгүздүн Кашат айлынын тушунан Каракол-Дархан, Каракол-Саруу автожолу буулганын окуя болуп жаткан жерден кабарчыбыз Мария Колесникова билдирди. Жол буугандар түндө милиция кармап кеткендерди бошотууну, Кумтөр боюнча мурунку талаптардын аткарылышын айтып жатышат. Митингчилер өкмөт "Кумтөр маселеси тынч сүйлөшүү жолу менен чечилет деген убадасын бузду" деп нааразы болууда деп билдирет кабарчыбыз.

Тамга айлындагы электр подстанциясынын жанында боз үйдө түнөп жаткан митингчилерди бүгүн таңга жуук милициянын атайын күчтөрү кармап кеткенин уюштуруучулардын бири “Азаттыктын” кабарчысына билдирген.(MK/ZKo)

XS
SM
MD
LG