Бир нече автоунаа кишилер Жети-Өгүз райондук администрацияга жана Ысык-Көл облустук акимчиликтин имаратын көздөй кетишкенин окуя болуп жаткан жерде жүргөн кабарчыбыз Мария Колесникова маалымдады. Кабарчыбыздын мурдарак билдиргени боюнча жол буугандар жолугушууга келген Жети-Өгүз районунун акими Жаныбек Дүйшөмбиевдин сөзүн укпай, автоунаага отургузуп, сыртынан бекитип салышкан.
Өкмөт Кумтөргө байланыштуу кырдаал көзөмөлдө деп кабарлоодо. Аймакта жүргөн вице-премьер-министр Шамил Атаханов жол тосуу жана башка мыйзамсыз аракеттердин баары кылмыш жоопкерчилигине тартыларын айрым маалымат каражаттарына билдирген. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча Кумтөргө бүгүн түндө кошумча милиция кызматкерлери апкелинди.(MK/ZKo)