Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Кумтөр: Саруу - Дархан унаа жолу буулуп турат


Жети-Өгүздүн Саруу - Дархан унаа жол үстүндөгү Кашат көпүрөсү аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгү болбой жатат. Кабарчыбыздын айтымында, учурда ал жерге миңдей митингчи цемент чачып, эч кимди өткөрбөйбүз деп билдирүүдө.

Кумтөр ишканасы тарабынан Жети-Өгүздөгү бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырууну жана канадалык инвестор менен 2009-жылы түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну талап кылган митингчилер ушул дүйшөмбүдөн тарта Барскоон - Кумтөр унаа жолун бууп турган. Кечээ алар Тамга айылын барып, ишкананын подстанциясын өчүрүп салган. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG