Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Кумтөргө каршылар электрди кайра өчүрмөй болду


Кумтөргө каршы митингчилер ишкананын Тамга айылында жайгашкан подстанциясын кайра өчүрмөй болуп жатат. Кабарчыбыздын айтымында, Саруу - Дархан жолундагы Кашат көпүрөсүн тороп турган миңден ашуун киши азыр Тамганы көздөй жөнөдү. Алардын арасында Саруу, Дархан, Чычкан жана башка айылдардын тургундары бар.

Митингчилер подстанцияны кечээ кечинде өчүрүп салган. Объектти кайтарып турган тартип коргоо органдары аларга туруштук бере алган эмес. Кабарчыбыздын айтымында, электрди өчүргөн 100дөй адамды азыр милиция ошол подстанциянын аймагынан чыгарбай кармап турат. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG