Жети-Өгүздөгү кечээки окуялар боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге баш прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, иш Кылмыш кодексинин "имарат, курулуштарды басып алуу", "бейбаштык", "өз билемдик кылуу" деген үч беренесинин негизинде козголду. Ишти Ысык-Көл облустук прокуратурасы козгоп, облустук милицияга тергөөгө жөнөттү.
Кумтөргө каршы нааразылык акциясынын катышуучулары кечээ Тамга айылына барып, Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниянын подстанциясын өчүрүп салган. (AKu/RK)
Кумтөргө каршы нааразылык акциясынын катышуучулары кечээ Тамга айылына барып, Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниянын подстанциясын өчүрүп салган. (AKu/RK)