Жети-Өгүздөгү нааразылык акцияларын уюштургандарга Кумтөрдүн кереги жок, алар Кумтөрдүн атын жамынып, Кыргызстанда абалды дестабилдештирүү максатын гана көздөөдө.
Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева билдирди. Ал өзү митингчилер менен жолукканы барганын, бирок эч кимиси менен Кумтөр тууралуу сүйлөшө албай келгенин айтты:
- Бизди элге жолотпой, алар менен сүйлөштүрбөй коюшту. Биз менен сүйлөшөбүз деген балдарды ат менен ары көздөй кубалап жиберишти.
Дүйшөмбүдө Кумтөр боюнча келишимди денонсация жана бир катар социалдык талаптар менен митингчилер Барскоон - Кумтөр жолун тоскон. Кечээ миңдей киши Тамга айылына келип, Кумтөр ишканасынын подстанциясын өчүрүп салган. (RK)