Өзбекстанда тыюу салынган экстремисттик Өзбекстан ислам кыймылы 29-майда Панжшер провинциясында орун алган кол салуу үчүн жоопкерчиликти алды. "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын өзбек кызматы кабарлагандай - кол салууга аталган уюмдун алты мүчөсү катышкан.
Ооган бийликтеринин маалыматы боюнча, жанкечти өзүн мамлекеттик имараттын жанында жардырып, андан кароолчу каза тапкан. Кол салган калган беш адамды ооган коопсуздук кызматы атып салган.
Буга чейин бул кол салууга жоопкерчиликти талиптер алышкан. Учурда Өзбекстан ислам кыймылынын талиптер жана “ал-Каиданын” согушчандары менен байланышы иликтенүүдө.
Панжшер Ооганстандын салыштырмалуу тынч аймагы болуп эсептелет. (AiK)