Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:42

Пакистанда эки провинциянын башчылары шайланды


Пакистанда ассамблеялардын отурумунда Хайбер-Пахтунхва жана Синд провинцияларынын башчылары шайланды.

Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынын башкы министри болуп "Адилеттүүлүк үчүн” кыймылынын лидери Первез Хаттак шайланды. Аталган партия майдын башында өткөн парламенттик шайлоолордо добуштардын көпчүлүгүн алган. Партиянын шайлоо алдындагы башкы лозунгдары коррупция менен күрөш, талиптер менен тынч сүйлөшүүлөрдү өткөрүү болгон.

Өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Синд провинциясынын министри болуп Пакистан элдик партиясынын мүчөсү Каим Али Шах шайланды.

1-майдагы парламенттик шайлоодон кийин экинчи жолу провинция администрацияларынын башчыларын шайлоо болду. (AiK)

XS
SM
MD
LG