Жалал-Абаддын облустук администрациясынын короосуна митингчилер кирип алды. Ушу тапта, кабарчыбыздын айтымында, акимиатты көздөй бир машина таш алып келишти. Айрым жаш балдар имаратты көздөй ичине кара май куюлган эки-үч бөтөлкө ыргытып, күйгүзүп жиберди. Бирок өрт имаратка тийген жок. Митингчилер өкмөттүн облустагы өкүлү Жусубалы Төрөмаматовду сүйлөтпөй жатат. Анын кызматтан кетүүсүн талап кылууда.
Жалал-Абаддын борбордук аянтында нааразылык акциясы эки саат мурда башталган. Кабарчыбыздын айтымында, 160-170 киши чогулуп, Жети-Өгүздөгү митингчилердин талаптарын колдоорун айтып, камактагы "атажуртчу" депутаттардын бошотулушун, президент менен өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылып жатат. (YA/RK)