Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:49

Нарын: Митингчилер талкалаган тосмону милиция өзү оңдоодо

Нарында 30-майдагы митингде талкаланган облустук ички иштер башкармалыгынын дарбазасын жана тосмосун калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган башкармалыктын жетекчисинин милдеттин аткаруучу Махабат Жумаев билдирди. Маалыматка ылайык, учурда 30-майдагы башаламандыкты териштирүүгө атайын топ түзүлдү. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен митингде мыйзамсыз аракет кылгандар аныкталса, мыйзам чегинде жооп берет. “Азырынча чыгымдар такталууда, башкармалык өз каражаты менен тосмону оңдоп жатат” – деди Жумаев.

30-май күнү Нарын шаарында ОИИБинин жаңы дайындалган жетекчиси Нарынбек Молдоисаевге каршы митинг облустук милиция имаратынын тосмосун талкалоо менен коштолгон. (TSh/RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG