Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аксакалдары, туристтик тармак өкүлдөрү, аялдар жана жаштар коомдору кайрылуу кабыл алып, Кумтөргө байланыштуу митингдерге каршылыгын билдирди. Алар түрдүү нааразылык акциялар туристтик сезондун үзгүлтүккө учурашына алып келээрин, Ысык-Көл району жалаң туристтерди тейлөөдөн гана киреше алаарын эскертишти.
"80 миңге жакын калкы бар район 2 ай гана созулган туристтик сезонду жыл бою күтүп даярданат. Кумтөргө каршы чыккан митингчилер туристтерди кабыл алуу боюнча келишимдерди түзүп койгон фирмалардын, жолдомо сатып алып койгон эс алуучулардын укугун бузууда", - деп айтылат кайрылууда. (RK)