Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:36

Оштогу мушташ боюнча кылмыш иши козголду


Ош шаарында адам өлүмүнө себеп болду делип жаткан мушташ боюнча кылмыш иши козголуп, тараптар сурак берип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык жана облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков кабарлады.

30-майда кечке жакын Ош шаарынын Саидкасым көчөсүндөгү жеке менчик автоунаа оңдоочу жайда уста жана кардарлардын ортосунда жаңжал чыккан. Жумуш акысынын айынан унаа оңдоочу менен кардардын ортосундагы чатак чоңойуп, бат эле чоң мушташка айланган.

Чатак ырбаганда устанын атасы эсин жоготуп, Ош шаардык аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Бирок эсине келбей каза болгон.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерден Ош шаарынын 3 тургунун кармап, аларга Кылмыш кодексинин 104-беренеси боюнча кылмыш иш козгоду. Ал эми каза болгон 47 жаштагы жарандын өлүмүнүн себептери аныкталууда.

Ош милициясы бул окуя улут аралык мүнөзгө ээ деп айтууга негиз жок беп билдирүүдө. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG