Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

АКШ жана Германия Орусияны Сирияны курал менен камсыздабоого үндөөдө


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин пикиринде, Орусиянын Сирияны курал менен камсыздашы терс кесепеттерге алып келет жана Израилдин коопсуздугуна коркунуч туудурат.

Германиянын тышкы иштер министри Гвидо Вестервелле Москваны Сирия боюнча эл аралык конференциянын өтүшүнө тоскоол болбоого чакырды. Вестервелле жана Керри сүйлөшүүлөрдү бейшемби күнү Вашингтондо өткөрүштү. Буга чейин Сириянын президенти Башар Асад Орусиядан С-300 ракеталарынын биринчи бөлүгү келгенин кабарлаган (AiK).

XS
SM
MD
LG