Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Кыргыз-тажик чек арасындагы “Ак-Сай” бекетинде мушташ болду


Жума күнү кечки саат төрт чамасында кыргыз-тажик чек арасындагы “Ак-Сай” бекетинин чек арачылары Тажикстандын Ворух айылынын тургунун Кыргызстандын аймагынан отун алып кетип баратканда кармашкан. Окуя боюнча атайын протокол түзүлүп, кармалган адамды чек ара заставасын көздөй алып жөнөшкөндө, ворухтук тургун туугандарын чакырып, андан соң мушташ чыгып кеткен.

Кечирээк Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары Ак-Сай - Исфара жолун тосуп, кыргызстандыктардын автоунааларын эки тарапка өткөрбөй коюшкан. Ошол эле маалда Ак-Сай айылынын тургундары Ворух - Исфара жолуп бууп, эки тарап тирешип калган. Жергиликтүү убакыт боюнча түнкү саат ондордо Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков жеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым болду. Облустук бийликтин өкүлдөрү менен милиция кызматкерлери эки өлкөнүн чек арачылары кырдаалды көзөмөлдөп жатканын, чек аранын эки тарабында адамдар топтолуп турушканын билдиришти. (JsA)

XS
SM
MD
LG