Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:43

Өкмөт башчы Жети-Өгүзгө барды

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жети-Өгүз районуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өкмөт башчы жергиликтүү эл, митингге чыккандар менен жолукмакчы.

27-майдан бери Жети-Өгүз районундагы митинг өтүп жаткан. Митингге чыккандар канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча келишимди бузууну талап кылышууда. Жума күндөн тарта 10-июнга чейин Жети-Өгүздө өзгөчө абал тартиби киргизилген. (BkA)
XS
SM
MD
LG