Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн эртең мененки 9.30га чейин 63 адам ооруканага кайрылган. Алардын 18и тартип коргоо кызматкерлери. Бир милиция кызматкери Бишкекке жеткирилип, ооруканага жаткырылды. Ал эми жергиликтүү 5 тургун Ысык-Көлдөгү ооруканаларда дарыланууда. Үчөөнүн жарааты орто деңгээлде. Ушул тапта үч оорулууну Бишкекке алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат. (BkA)