Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:34

“Кумтөр” митингдин айынан 4 млн. доллар чыгымга учурады


Бул тууралуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Каракол шаарындагы облустун активи жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, 27-майдан бери Жети-Өгүз районундагы митинг жана башаламандыктын айынан “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын чыгымы аныкталды. Учурда чыгым 4 миллион доллар деп эсептелүүдө.

27-майдан бери Жети-Өгүз районундагы митинг өтүп жаткан. Митингге чыккандар канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кенин иштетүү боюнча келишимди бузууну талап кылышууда. Жети-Өгүздө жума күндөн тарта 10-июнга чейин өзгөчө абал тартиби киргизилген. (BkA)

XS
SM
MD
LG