Отуз чакты жаран Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, Жети-Өгүз районундагы нааразылык акциялары тууралуу акыйкат маалымат берүүнү бийликтен талап кылышты. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Алмаз Жазыбаев билдирди. Анын "Азаттыкка" билдиргенине караганда бийлик Жети-Өгүздөгү нааразылык акцияларынын артында айрым саясий күчтөр турат деп, элге туура эмес маалымат берип жатат. Алмаз Жазыбаев Сарууда жана Барскоондо өткөн акцияларды эл өзү уюштурду деп билдирди.
"Кумтөр" ишканасына бир катар социалдык талаптарды койгон акция 27-майда Саруу айылында башталып, кийинки күндөрү Кумтөр-Барскоон автожолун тосуу менен уланган. Бул акциялар милиция менен акцияга чыккандар ортосундагы тирешүүгө чейин жетип, натыйжада алтымыштан ашык киши ар кандай жаракаттарды алышып, бир бөлүгү ооруканага жаткырылган. (BkA)