Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:30

Жетиөгүздүктөр нааразылык акциясын токтотушту


Мындай чечим премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт жана парламент мүчөлөрү менен жергиликтүүлөр жолугушкандан кийин кабыл алынды. "Азаттыктын" жергиликтүү кабарчысынын маалыматына караганда, бийлик менен жолугушуу 1-июнда Саруу айылында өтүп, ага беш жүз чамалуу киши катышты.
Жолугушуунун катышуучулары өкмөттөн "Центерра Голд" ишканасы менен кыргыз өкмөтү ортосундагы 2009-жылкы келишимди жокко чыгарууну, социалдык талаптарды аткарууну, милиция менен нааразы тараптын тирешинде жабыркагандарга медициналык кам көрүүнү жана акция уюштуруучуларын куугунтуктабоону талап кылышты.

Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөргө байланышкан талаптарды карап чыгып, жыйынтыкка келүү үчүн убакыт талап кылынарын, социалдык талаптар жергиликтүү деңгээлде чечилерин, ал эми акциянын жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар калыс териштирилээрин убада кылды.

Расмий маалыматка караганда Жети-Өгүз районунун Саруу жана Барскоон айылдарында 27-майдан бери өтүп жаткан нааразылык акцияларынын учурундагы аракеттер мамлекетке 4 миллион доллар чыгым келтирген.

Президент 31-майда өз жардыгы менен район аймагында он күндүк мөөнөткө өзгөчө абал тартибин киргизген. Мындай чечим Кумтөр - Барскоон автожолун тороо, бийлик менен милициянын каршылашуусу, стратегиялык аймактарга бара турган электр жарыгын эки ирет өчүрүү кадамдары жасалгандан кийин кабыл алынган. (MK\BuS)

XS
SM
MD
LG