Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Акыйкатчы: Митинг учурунда жаракат алгандардын абалы оор


Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Акун бүгүн Жети-Өгүздөгү митинг учурунда жараат алгандардын абалы менен таанышып чыккан. Акундун айтымында, жараат алган үч адамдын абалы оор болгондуктан атайын учак менен Бишкекке алып кетишти:

- Митинг учурунда үч адам көзүнөн жараат алыптыр. Алардын экөөнүн бирден көзүн жергиликтүү дарыгерлер операция кылып алып салышыптыр. Ал эми үчүнчүсүн да көзүн операция кылышкан экен. Бирок анын абалы начар экенин дарыгерлер мага айтышты. Аларды Бишкекке алып кетиптир.

Саламаттык сактоо министрлигинен үч оорулуунун Бишкекке алып келингени тууралуу маалыматты тастыкташты.

Аталган министрликтин маалыматы боюнча Жети-Өгүздөгү 31-майдагы милиция менен митингчилердин кагылышынан соң 63 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Алардын 18и тартип коргоо кызматкерлери. Бир милиция кызматкери Бишкекке жеткирилип, ооруканага жаткырылды. (BkA)

XS
SM
MD
LG