Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Стамбулда полиция демонстранттар менен кагылышты


Түрк полициясы демонстранттарды кууп таркатууда. 31-май, 2013-жыл.
Түрк полициясы демонстранттарды кууп таркатууда. 31-май, 2013-жыл.
Кагылышуу өкмөткө каршы демонстранттар бүгүн шаардын борбордук Таксим аянтына жетүүгө экинчи күн аракеттенгенде болду. Полиция көздөн жаш агызуучу газ жана суу бүркүгүчтөрдү колдонсо, демонстранттар полицияга таш ыргытышты.

Өкмөттүн Стамбулдагы жашыл аймактардын биринде курулуш жасоо планына каршы нааразылык жыйыны кечээ да кууп таркатылганда кеминде 12 адам жарадар болгон.

Полициянын Стамбулдагы демонстранттарга күч колдонушу борбор Анкара менен Измирде да нааразылык акцияларын жаратты.

Бул акцияларда премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын жана анын байистүү исламчыл “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынын авторитардык башкаруусуна нааразылык да камтылууда.

Эл аралык Мунапыс уюму түрк полициясынын күчтү ашыкча колдонуусуна камтамачылык билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG