Чак Хэйгел АКШ менен Кытайдын аскерий алакасы жакшырарына үмүттөнгөнүн билдирүү менен ошол эле учурда Бээжинге киберчабуулдар боюнча эскертүүнү Сингапурдагы коопсуздук конференциясында жасады.
АКШ коргоо министри сөзүндө белгилегендей, Вашингтон киберчабуулдар көбөйгөнү, алардын айрымдарынын Кытай өкмөтү менен армиясына байланышы бардай көрүнгөнү боюнча камтамачылыгын Бээжинге буга чейин эле айткан.
Чак Хэйгел конференцияда Азия өлкөлөрүн бюджеттик чыгымдары кыскарганына карабай, АКШ аскерлерин, кемелерин, учактарын Азия-Тынч океан чөлкөмүнө жылдырууну улантарына ишендирди.
Сингапурдагы коопсуздук форуму АКШ жана Кытай президенттеринин 7-8-июндагы жолугушуусу алдында өтүүдө. Бул Си Цзинпиндин Кытай президенттигине келгенден бери Барак Обама менен алгачкы кездешүүсү болот. (UE)