Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Келдибеков: митингге тиешем жок, бирок көлдүктөрдү колдойм



Бул тууралуу оппозициячыл “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков “Азаттыкка” маегинде билдирди. Ал Кумтөрдүн айланасындагы социалдык-экономикалык талаптарды көтөрүп, аны жогорку бийликке жеткирүү максатында чыккан жетиөгүздүктөрдү колдорун, бирок уюштурууга тиешеси болбогонун айтты.

Келдибековдун оюнча, бүгүнкү бийлик "ким уюштурду?" деп издегенче, элдин талаптарын угуп, көтөрүп чыккан маселелерин чечүү менен алектениш керек. "Эгер чыны менен көйгөйлүү, чечилбеген маселелер жок болсо, ким уюштурбасын эл жөн эле көчөгө чыкканга кызыкдар эмес",- дейт депутат.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында - Жети-Өгүздөгү митингди уюштурууга "Ата-Журт" партиясынын айрым депутаттарынын, анын ичинде Акматбек Келдибековдун да катышы бар деген маалыматтар чыккан.

XS
SM
MD
LG