Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:23

“Реформа” митингчилер менен бийликти сынга алды


“Реформа” партиясы митингчилердин ашынган жорук-жосундары менен бийликтин аракетсиздигин сынга алды.

Бул тууралуу партия бүгүн билдирүү таратты. Анда акыркы күндөрдөгү Жети-Өгүз районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы нааразылык акциясына чыккандардын башка тургундардын жашоосуна, ден соолугуна, коопсуздугуна зыян келтирген аракеттерин айыптаган. Ал эми бийликти мыйзамдуулукту камсыздай албаганы үчүн сындаган.

Партия өкүлдөрү Жогорку Кеңеш жана президентке кайрылып, бул окуяны дыкат иликтеп, чагымчыл аракеттерди уюштургандарды жана өз милдетин так аткара албаган мамлекеттик кызматкерлерди жазага тартууга чакырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG