Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Вьетнамда Кытайга каршы демонстрация болду


Борбор Ханойдо Кытайдын Түштүк Чыгыш Азиядагы сууларды талашуусуна каршы жүрүшкө чогулгандардын кеминде он бешин полиция кармады. Бүгүнкү демонстрация Вьетнам өкмөтү ири коңшусу менен иш кылууда ички кысымга кабылып жатканын көргөзүүдө.

“Кытайдын агрессиясына жол жок!” - деп кыйкырган 150дөй киши полиция кармап кеткенге чейин Ханойдун боррборундагы көлдүн айланасына чогулушту. Кармоо учурунда полиция менен демонстранттар ортосунда бир аз мушташ да болду.

Түштүк Кытай деңизинин бөлүктөрүн жээктеги башка мамлекеттер сыяктуу эле Кытай менен Вьетнам да талашып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG