Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Дамаскта бомбаланган унаа жарылды


Полиция бекетине жакын жерде болгон жарылуудан кабарларга караганда, Сириянын коопсуздук күчтөрүнүн кеминде сегиз өкүлү каза тапкан. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун айтымында, жарылуу Дамасктын Жубар деген районунда, режимдин күчтөрү менен козголоңчулар кагылышкан жерде болду.

Кеңсеси Лондондо жайгашкан бул уюм белгилегендей, жардырууну оппозициядагы исламчыл согушкерлердин “ал-Нусра майданы” деген тобу жасагандай. Мамлекеттик маалымат каражаттары бүгүн жарылуу тууралуу кабар таратышкан жок. Мунун алдында кечээ Кусаир деген шаарчанын айланасында айыгышкан уруштар болгону кабарланган.

Президент Башар Асадга жантарткан күчтөр Ливан менен чек арадагы бул шаарчаны кайра ээлөөгө аракеттенишүүдө.

БУУнун агенттиктеринин эсебине караганда, Кусаирдеги уруштарда жаракат алган 1500дей жөн-жай тургун медициналык жардамга муктаж жана аларды эвакуациялоо зарыл. ( UE)

XS
SM
MD
LG