27-31-майда Казакстандын Тараз шаарында кол күрөш боюнча Азиянын ачык чемпионаты болуп, таластык Бактыбек Байдаралиев 40 жаштан жогорку категорияда 70 килограмм салмакка чейинки балбандар арасында алтын, ал эми Замир Иманалиев күмүш медаль тагынышты. Бул маалыматты "Азаттыкка" Талас шаардык спорт бөлүмүнүн башчысы Бейшенбек Осмоналиев кабарлады. Анын айтымында, мелдешке облустан 9 балбан барган.
2004-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул мелдешке Орусиядан, Жапониядан, Украинадан, Казакстандан жана Өзбекстандан 100дөн ашуун спортчу катышкан. (MbA)
2004-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул мелдешке Орусиядан, Жапониядан, Украинадан, Казакстандан жана Өзбекстандан 100дөн ашуун спортчу катышкан. (MbA)