Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Жалал-Абаддагы митинг уланууда


Жалал-Абад шаарындагы митингчилер облустук акимиаттан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустагы бөлүмүнүн алдына барышты. Алар өздөрү губернатор деп шайлаган Медер Үсөновду бошотууну талап кылышууда.

“Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, каршылык акциясына чыккандар облустук акимиаттын имаратынан УКМКнын облустук бөлүмүнө чейин жөө жүрүш жасап барышты. Алардын төртөө коопсуздук комитетинин кызматкерлери менен сүйлөшүү үчүн кирип кетишти.

Жалал-Абаддагы митинг 31-майда башталган. Анын катышуучулары камактагы депутаттар Камчыбек Ташиевдин, Садыр Жапаровдун жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылып жана Кумтөргө каршы акцияны колдоп жатышкан. Бүгүн таң эрте митингчилер губернатор деп шайлап алган Медер Үсөновду үйүнөн белгисиз бирөөлөр алып кеткенин анын жубайы "Азатыкка" билдирген. (YA/AKu)

XS
SM
MD
LG