Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Ташиев ачкачылык жарыялады


Бул тууралуу “Азаттыкка” абактагы “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин кеңешчиси Нурлан Шакеев билдирди. Анын айтуусунда, депутат 1-июндан тарта суу да ичпей, кургак ачкачылык кармоодо. Камчыбек Ташиев өзүнүн апелляциялык арызы каралбай, создуктурулуп жатканына нааразы. Ал ошондой эле Жалал-Абаддагы митингчилердин талабын колдоорун билдирген. Шакеевдин айтымында, Ташиевдин абалы начар.

“Ата-Журт” партиясынын лидери, ЖК депутаты Камчыбек Ташиев 2012-жылы 3-октябрдагы Кумтөр кенине байланыштуу митингден кийин камакка алынган. Митинг учурунда депутат баш болгон айрым адамдар Акүйгө тосмосун ашып, кирүүгө аракет кылышкан. Ташиевге “мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып тагылып, Биринчи май райондук соту тарабынан 1,5 жылга эркинен ажыратылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG