Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Парламенттин кезексиз сессиясы түштөн кийин болот


Анда Жогорку Кеңеш Жети-Өгүз окуясын жана Жалал-Абаддагы коомдук-саясий кырдаалды талкууламакчы. Мындан тышкары депутаттар президент Алмазбек Атамбаевдин Жети-Өгүз районуна өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жардыгын талкуулашат.

Жети-Өгүз районунда Кумтөр алтын кенин иштетүүгө каршы чыккан митингчилер ишканага кеткен электр энергиясын өткөн жумада эки жолу өчүрүшкөн. Президент Алмазбек Атамбаев кырдаалды жөнгө салуу үчүн 31-майда райондун аймагында саат 21:00дөн 6:00гө чейин коменданттык саат киргизүү тууралуу жардыгын чыгарган.

Жалал-Абадда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык ишкана менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, депутат Камчыбек Ташиевди абактан бошотуу талаптары менен митингге чыккандар 31-майда облустук администрациянын имаратына кирип барышкан. Митингчилер анда губернатор деп жарыялаган Медербек Үсөнов кечээ УКМК тарабынан кармалган. Бул окуядан соң аны бошотуу талабы менен нааразылык акциялары кайра күчөдү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG