Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Түрк премьери нааразы болгондорду чагымга алдырбоого чакырды


Стамбулдагы өткөн түнкү кагылыш. 2-июнь, 2013-жыл.
Стамбулдагы өткөн түнкү кагылыш. 2-июнь, 2013-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган бүгүн Стамбулдан сүйлөгөн учурунда түрктөрдү ал “экстремисттик элементтер” деп атагандардын чагымына алдырбоого чакырды.

Акыркы үч күндөн бери он миңдеген демонстранттар Стамбул, Анкара жана башка шаарларда полиция менен кагылышып, полиция демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, суу бүркүгүчтөрдү колдонду.

Алгач бийликтин Стамбулдун борбордук Таксим аянтындагы паркты бузуу планынан тутанган нааразылык бүткүл өлкө боюнча өкмөткө каршы жүрүшкө айланып кетти.

Эрдогандын баистүү исламчыл “Адилеттүүлүк жана Өнүгүү” партиясы түзгөн өкмөттү укук бузганы үчүн айыптаган демонстранттар менен полициянын кагылышуусу Анкара менен Стамбулда өткөн түнү да болду.

Стамбулдун Бешикташ районундагы демонстранттар баррикада курганга чейин барышкан.

АКШ, Еврошаркет, НАТО түрк өкмөтүн сабырдуулук көргөзүүгө чакырды. (UE)

XS
SM
MD
LG