Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Акыйкатчы: Кырдаалдан улам Садыр Жапаровго операция жасалбай калган


Бул тууралуу Турсунбек Акун бүгүн УКМКнын убактылуу тергөө абагына кирип чыккандан кийин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Садыр Жапаровго 1-июнда медициналык операция жасалмак, бирок кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу операция жасалбай, аны оор акыбалда ооруканадан чыгарып, СИЗОго киргизип коюшкан.

Ал эми 1-июндан тартып кургак ачкачылык жарыялаган Камчыбек Ташиев Акыйкатчы менен жолугушуудан баш тарткан, Турсунбек Акун камалган депутаттардын бири Талант Мамытов менен жолугушканын кошумчалады.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 1-июндан тарта суу да ичпей, кургак ачкачылык кармоодо. Камчыбек Ташиев өзүнүн апелляциялык арызы каралбай, создуктурулуп жатканына, Жалал-Абадда Медер Үсөновдун камакка алынышына, Жети-Өгүздө элге күч колдонулганына нааразылык көрсөтүү менен бирге Кумтөр келишимин жокко чыгаруу талабын коюуда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG