Бул тууралуу Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин баш директору Юкио Амано билдирди. Ал белгилегендей, Ирандын шектүү аскерий жайында курулуш иштеринин активдешүүсү ал жерде өзөктүк изилдөө жүргүзүлгөнүнүн белгилерин калтырбай коюшу мүмкүн:
- Агенттик кирүүгө аракеттенген Парчин жайында Иран ишмердигин күчөттү. Кыртышты чыгаруу, асфальттоо, балким инфраструктуранын да демонтаждалышы МАГАТЭнин текшерүү жөндөмүнө терс таасирин тийгизет. Демек биз Парчинге киргенде деле эч нерсе таба албай калышыбыз мүмкүн.
МАГАТЭ Парчин аскерий комплексине киргизүүнү узактан бери талап кылганы менен расмий Тегеран четке кагып келет.
Баш директор Юкио Амано бүгүн уюмдун Директорлор кеңешинин жыйынында Ирандын өзөктүк программасы менен байланышкан тынчcызданууларда тактоо ишинде азырынча олуттуу жылыш жоктугун айтты. (UE)