Ушул жумада “Талас эл ынтымагы” кыймылынын өкүлдөрү Бишкекке келип нааразылык акцияларын өткөргөнү жатышат. Бул тууралуу аталган кыймылдын төрагасы Серен Шейшенов билдирди. Анын айтымында, кыймылдын мүчөлөрү 1-июнда чукул жыйналыш өткөрүп, анда жакынкы күндөрү Таластагы кендерди иштетпөө талабы менен нааразылык акциясын баштоо чечимин кабыл алышкан. Ага ылайык, учурда кенди иштетпөө талабы менен кол чогултулуп жатат. Эми эки-үч күндүн ичинде кыймылдын мүчөлөрү Бишкекке келип, нааразылык акцияларын баштамакчы.
Таласта өткөн айда кендерди иштетүүгө каршы нааразылык акциялары болуп өткөн. Анда нааразылык акциясына чыккандар - Кумтөр маселеси чечилмейинче облустагы Жерүй, Талды-Булак кендерин иштетүүгө каршылыгын билдиришкен .(BkA)