Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Учкунбек Ташбаевдин соту уланат


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин мурунку жетекчиси Учкунбек Ташбаев баштаган бул агенттиктин бир нече кызматкеринин соту уланат. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ташбаев баштаган айыпталуучуларга кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, мыйзамсыз жол менен лицензия берген деген айып тагылып жатат. Кылмыш иштеги эң негизги айыпталуучу саналган Учкунбек Ташбаев өткөн жылдын ноябрь айында камакка алынган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG