Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:10

Кыргызстандык тасма эл аралык фестивалга катышууда


Режиссерлор Артыкпай Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновдун "Көч" аттуу даректүү тасмасы ушул күндөрү Германиядагы Гамбург фестивалына катышууда. Бул тууралуу тасманын авторлору кабарлашты. Маалыматка ылайык, “Көч” тасмасы мыкты даректүү тасма катары фестивалдын финалына тандалып алынган. Анын жыйынтыгы 10-июнда белгилүү болмокчу.

Бийик тоолор арасындагы топозчулардын турмушун чагылдырган “Көч” тасмасы буга чейин Казандагы мусулман кинолорунун фестивалында жана Катардын борбору Дохадагы даректүү тасмалардын эл аралык фестивалында баш байгени жеңип алган. Былтыр жергиликтүү “Ак илбирс” кино сыйлыгында “Эң мыкты тасма” деп табылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG