Анкара жана Стамбул баштаган бир нече шаарда төртүнчү күнү уланып жаткан акцияда полиция демонстранттарды кууп таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган демонстранттардын анын отставкасы тууралуу талабын четке кагып, бул акциялардын артында “экстремисттик элементтердин” турарын билдирди. Ошол эле күнү Эрдоган кырдаал калыбына келээрин айтып, Мароккого иш сапары менен жөнөп кетти.
Ал ортодо АКШ, Европа Биримдиги, НАТО түрк өкмөтүн сабырдуулук көргөзүүгө чакырды. Өлкөдөгү башаламандыктардан улам Түркиянын фондулук биржасындагы көрсөткүчтөр төмөн түшүп кетти.
Алгач бийликтин Стамбулдун борбордук Таксим аянтындагы паркты бузуу планынан тутанган нааразылык өткөн аптанын жума күнүндө башталып, бүткүл өлкө боюнча өкмөткө каршы жүрүшкө айланды.
Демонстранттар премьер-министр Эрдоганды "авторитардык бийлик орнотуп жатат" деп айыптап, отставкасын талап кылышууда.